Президент Алмазбек Атамбаев радио жана байланыш кызматкерлерин Радио күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
Радио байланышы пайда болгондон бери бир кылымдан ашык убакыт өтүп, жыл сайын маалымат жана байланыш технологиялары өркүндөп жатса да, радионун ар бирибиздин күнүмдүк жашообузда бекем орду бар.
Бүгүн радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү, анын жардамы аркылуу биз дүйнөдөгү, региондогу жана өлкөдөгү жаңылыктарды биринчи угабыз, тез чечимдерди кабыл алабыз, кырсыкка кабылган адамдарды сактоого шашабыз.
Радионун бүгүн да ролу зор, чагылгандай тез кабарларды таратуу менен кошо ар бир адамга, коомго, өлкөгө жаркын маанай тартуулоого тийиш. Анткени жакшы өзгөрүүлөр жалпы маанайга жараша болот. Ошондуктан бүгүнкү кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап жатып, толкунуӊуздардан жаркын кабарлар, көӊүл сергиткен ыр-күүлөр арбын болсун деп айткым келет. Эфирден жаңырган кабарлар, музыка ар бир үйгө кубаныч менен жылуулук алып келсин!
Өнүгүү жолуна бет алган Кыргыз мамлекетибиздин ийгиликтерине сапарлаш, шериктеш болуӊуздар!
Баарыӊыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!