Үч жыл мурун Нигерияда 276 окуучу кыздарды уурдап кеткен “Боко Харам” радикал-экстремисттик уюму 82 кызды бошотту. Бул тууралуу 7-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жогорудагы уюм менен бийликтин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кыздар бошотулган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бийлик калган кыздарды бошотуу тууралуу да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Эске салсак, 2014-жылы апрель айында “Боко Харам” радикал-экстремисттери тарабынан 270тен ашуун окуучу уурдалганы айтылган эле. Андан кийин 57 окуучу туткундан качып чыкканы кабарланган. Кийин Нигерия аскеринин генералы Крис Олуколаде "276 кызды уурдоону уюштурду" деп айтылып жаткан "Боко Харам" экстремисттик уюмунун өкүлү колго түшүрүлгөнүн маалымдаган.
“Боко Харам” (“Батыштын билими – күнөө” деп которулат) уюму 2013-2014-жылдары билим берүү жайларына бир нече жолу кол салышкан.