2012-жылдын декабрь айына карата Кыргызстандагы жаштардын (14-28 жаш) саны 1 миллион 679 миң адамды же калктын 30 пайызын түзгөн. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Алар экономикалык активдүү калктын 68 пайызын түзөт. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө жаштар кабылып жаткан негизги көйгөйдүн бири – жумушсуздук. Расмий жумушсуздардын ичинде иштебеген жаштар 43,5 пайызды түзгөн.