Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7-майда жер титирөө болгон Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Анда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев Чоң-Алай районунда акыркы 4 күн аралыгында 16 ирет жер титирөө катталганын билдирди. Анын 8инин күчү 4 баллдан ашкан.
Маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынан кийин 993 турак үй текшерилип, 8 үй жараксыз абалга келгени аныкталды. Мындан тышкары 529 үй авариялык абалда болсо, 456 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.
Ошондой эле жергиликтүү оорукана, мечит жана орто мектеп авариялык абалга келген. Жер титирөө болгон айылдарга жалпы 510 чатыр тигилди. Сооронбай Жээнбеков жер титирөөнүн кесепеттерин тез арада жоюуга өкмөт аракет кыларын жана кырдаалды тийиштүү органдар көзөмөлгө аларын белгиледи.