Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата ырчылар "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Аяна Касымова, Ксения Стрельцова, Виктория Юртаева, Эмил Эген, Нурлан Мамбетов, Нурлан Алымбековдор эскерүү ырын ырдап чыгышты. Согуш башталган жылы Алексей Сурков жазган "Бьется в тесной печурке огонь..." аталышындагы ырга клипти Prima коомдук фонду тарткан.
Видеоклиптин авторлору "9-Май жөнөкөй майрам эмес, ал азыркы бейпил жашообуз кайраттуу адамдардын арты менен келгенин эске сала турган күн. Алардын көпчүлүгү арабызда жок. Алардын элеси кандуу окуялардын кайра кайталанбашы керектигин эскертет", - деп жазышат.