Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына карата "Өлбөс полк" акциясы өттү. Бул тууралуу 7-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШда үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан иш-чарага миңге жакын жаран катышкан. Согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөргөн жарандар Гудзон дарыясынын жээгин бойлой Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун эстелигине чейин басып келишкен.
Совет жоокерлеринин уул-кыздары, неберелеринен сырткары жүрүшкө америкалык аскерлердин балдары дагы катышкан. Маалым болгондой, "Өлбөс полк" акциясы Бостон, Денвер, Сан-Диего, Филадельфия шаарларында дагы өткөн.