Ырчы Ильяз Андаш жеке концертинде Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен бирге көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулады

Бүгүн, 7-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ырчы Ильяз Андаштын алгачкы жеке концерти өттү.

Ильяз Андаш буга чейин каражаттын тартыштыгынан концерт коё албай келгенин, концерттин алдында толкунданып жатканын SUPER.KG порталына билдирди:

"Биздин маанайды элдин кол чабуусу, алардын жакшы мамилеси көтөрөт. Бири-бирибиздин маанайды көтөрбөсөк болбойт. Концертке көптөн бери даярданып келгем, баарын өзүмдүн кыялымдагыдай кылгым келди, сахна жасалгасы, жандуу үн, жаңы ыр... Баары даяр болуп турса да, кайра-кайра ар кайсыны сурап, толкунданып жатам. Жеке концертти коюу оор, каражат көп кетет экен. Буга чейин демөөрчү болгон эмес, эми өзүмө өзүм демөөрчү болуп, тойлордун артынан бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлдү".

Ырчы сахнага 2007-жылы "Кечикпе" аттуу ыры менен аттанган. Туура 10 жыл өткөн соң анын алгачкы концерти да, дал ушул чыгарма менен ачылды. Кеченин өзгөчөлүгү жандуу музыкада, сахнада ырдаган ырчылардын баары жандуу үн менен ырдашканында болду. Айта кетсек, жеке концерт болгондуктан Ильяз Андаштан тышкары белгилүү ырчылардан Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоев гана ырдады. Ал эми кечени Манас Алыкулов алып барды.

"Концерт 30-апрелде болмок. Тилекке каршы, Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу 7-майга жылган. Мына бүгүн Ильяз Андаштын чыныгы күйөрмандары келди", - деген алып баруучу конокторго оюн ойнотуп, тамашалары менен көрүүчүлөргө күлкү тартуулады.

Концертте эсте каларлык номерлерден Ильяз Андаштын "Айгүлүм", "Кыздарга ишенбе", "Водовоз", "Ак чардак", "Сүйүү кемеси", Курал Чокоев менен бирге аткарган "Сейдакматтын ыры" жана Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда "Simply the best" ырлары болду. Эскерте кетсек, аталган ырды Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунда ырдап чыккан.

Кеченин ээсин жубайы, апасы жана дагы башка жакындары колдоого келишкен. Ильяз Андаш апасын конокторго тааныштырып, кучагын роза гүлдөрүнө толтуруп, үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирди.

"Сүйүү кемесин" аткарып жатканда ырчынын бала чагындагы сүрөттөрү, сахнага жаңы аттанган кезиндеги сүрөттөрү слайд-шоу аркылуу көрсөтүлдү. Концерттин соңунда калың элге тааныткан "Кыргыз жерим" ырын аткарып, келген күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Ал эми күйөрмандар концерт жогорку деңгээлде өткөнүн, бирок "тойбой" калышканын айтып көтөрүңкү маанайда кайтышты.

Ильяз Андаш - Айгүлүм
Кайрат Примбердиев залды "жарды"
Курал Чокоев жана Ильяз Андаш концертте
Ильяз Андаш: "Тойлордон акча топтоп, концерт койдум"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Jangazy
2017-05-08 00:48:59
нормалный эле.зынк
+4
Stervashka
2017-05-08 00:59:10
Сонун болуптур молодец, Кайрат чын эле жарыптыр залды.
+12
Dybala.
2017-05-08 01:50:00
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар )) ушул ыр жагат мага ушул ырдайбы эле
+5
AtabekTumonovkg
2017-05-08 01:54:36
Бул концерте элдер кантип чыдап олтурушту дейм да? Ушундан коро ошол кетирген акчага пайдалуураак нерсе сатып алсан балким омур бою сага кызмат кылаар жок легенде апанабы атанабы буткийим же кийим кече алып берсен сага ыраазы болоор деп ойлойм? Тура эмес ойлогон болсом имени кечирип койгулаа!..
-10
iaau
2017-05-08 04:24:16
AtabekTumonovkg, 500сомго апана бут кийим алып берсен эки кундо жыртылат. Андан кору концетке алып барсан омур бою эсте калат болсо керек.(Айтайын дегеним азыркы учурда 500 сомго 2кун кие турган бут кийин келет)
+4
surgeon777
2017-05-09 12:49:14
AtabekTumonovkg,ошол концертке баргандар ата-энесине бут кийим эле эмес,баардыгын сатып берип койгон эбак эле,сен Россияда жургондо,эми оздору духовный жактан эс алалы деп концертке барган.
0
Nur0701
2017-05-08 02:07:37
Молодец байке
+1
iaau
2017-05-08 04:17:56
Азыр ырчынын баары эле жандуу концерт кое албайт, жандуу концерт бергендин озу сыймык, озу жоопкерчилик,. чыгармачылык ийгилик!!!
+6
Kroxa
2017-05-08 06:01:50
Ишине ийгилик!!баары жакшы болду...
+3
defne15
2017-05-08 08:11:59
Жакшы сонун эле отуптурго.Адамзат сындап буто албай коебузда.Жандуу ун менен концерт тартуулаганын бааладым.
+5
Yktyjar
2017-05-08 08:34:31
Кайрат кыргызча эле ырдап чыкпаптырда
-3
kairatibraev94
2017-05-08 10:17:47
Ар ким оз каалаганын жазат бирок башка ырчыларга окшоп бир ыры хит болсо эле концерт койо калган жок он жылда койуп атат и жандуу ун азамат демекмин
+6
ainur78007
2017-05-08 12:02:02
Ильяз азаматсын,телевизордун бетин бербеген инеттен кетпеген кээ бир ырчыларга караганда соонун эле болду.Ильяздын фанаты болбосомда жандуу ырдаганы учун бардым жана эн жакшы маанайда кайттым.Чыгармачылык ийгилик сага.Алга демекчимин!
+6
aiperiska
2017-05-08 13:17:06
Эн соонун болду жандуу ун позитивдуу кече!кимге жакпаса да ийгилик каалап койгула тубуно кирип кетпей...уну бар Ильяздын эптеме эмес ...дагы дагы ушундай ырларды чыгарып аткарып журо бериниз чон чон ийгиликтерди каалайбыз!
+3
aiperiska
2017-05-08 13:19:15
Ал эми Кайратка соз жок кыргызча ырдайбы орусчабы немисчеби азамат...олкобузду эмне деген мамлекетке таанытып жатат ...сендейлер кобойсун,талантына таазим
+5
soni.soni
2017-05-08 16:43:24
Соонун болду. Калп эле концертке баралбай калып сындап отурасынар. Жандуу ун м.н азыркы анча мынча ырчылар ырдай алышпайт чыйылдашып. Ознор концерт берип коргуло анан кором. Кыргызды кыргыз коро албайбыз анан кантип особуз.
+4
surgeon777
2017-05-09 12:44:21
Ильяз азамат!Жандуу ун менен ырдаганга анча-мынчанын духу жетпейт,ойдодо бироо айткандай озун кечке пиарлап элди тажаткан жылдыз болумуштарга караганда скромный таланттуу жигит,талантын ташкындай берсин,жакындарын менен амандыкта бар бол ардайым!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан