Төрага Асылбек Жээнбеков Кореянын депутаттык тобу менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-майда Янг Сынг Чжо башында турган Кореянын Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) Кыргызстан менен кызматташуу боюнча депутаттык тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин келечеги талкууланды. Тараптар ЖКнын делегациясынын Кореяга жасай турган иш сапары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтык алакаларын арттыруу маселелери жаатында пикир алышты. Төрага Кореянын ачык экономика жана күчтүү демократиялык коомду куруудагы тажрыйбасы парламенттик демократия жолун тандап алган Кыргызстан үчүн жакшы үлгү болорун билдирди. Ал эми Кореянын Улуттук ассамблеясынын делегация башчысы Янг Сынг Чжо Кыргызстан саясий гана эмес, экономика жаатында да ири ийгиликтерге жетишерине үмүт артарын билдирип, корей парламентчилери Жогорку Кеңеш депутаттары менен мындан ары да жигердүү кызматташууга даяр экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан