Баткенде МАИчини унаасынын капотунда сүйрөгөн айдоочу табыла элек

Баткенде МАИчини капотунда сүйрөгөн айдоочу дале табыла элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге бүгүн, 8-майда билдирди.

"Азырынча айдоочу табыла элек. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, Баткенде жол эрежесин бузган айдоочу Патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп баратканын интернет-колдонуучулар фейсбукка жарыялашкан.

Видеодо айдоочу милициянын 3 кызматкерине баш ийбегени көрсөтүлөт, МАИчилердин бири тапанчасын алып чыгып коркутса да, айдоочу токтобойт. Ал эми алдыда бара жаткан унаанын ээси эреже бузган айдоочуну токтотууга аракет жасабай, аны алдыга өткөрүп жибергенин байкоого болот.

Баткенде айдоочу МАИчини капотунда сүйрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
zhykyo
2017-05-08 09:46:56
Класташыго ээ
-4
Nuura
2017-05-08 09:47:01
Жалал - Абадта машинасынын капотуна суйромоктурсун каттуу да суйлобойбузго ГАИ ни сыйлабаган кандай айдоочу болду экен кызык.Эгер Кыргызстаныбызда ГАИ иштебесе элдер билгендерин кылып калышмак ушул ГАИ лер бар учун дагы бир аз коркуп айдашышат машинаны.
+7
muzibrat93
2017-05-08 09:48:10
Уят да негизи маичи не адам эмесби же желмогузбу? Эч качан бир тараптан кетпейт дечи бирок сыйлаш керек да жок дегенде озунду.Бирибизге кыйын сынып таанышым бар билишим бар деп журбой эр болосунбу шер болосунбу мыйзамды сыйлап жашайлычы айдоочунун уяты жок экен кыскасы
-2
mirkin
2017-05-08 09:59:44
Негизи эле ГАИ кызматкерлери аша чабып баратат. Бул Бишкекте ушундай кылганга сыйлык берген ошондой сыйлык алайын дегенго
+1
adi.ali94
2017-05-08 10:07:06
Нарушение кылбасаң деле акча сурап эле турушат,тилемчиден өтөт булар
+1
omuke8993
2017-05-08 10:15:53
ГАИ лер өзү чектен ашып кеткен токтотот алдына барсан тим эле өздөрүн асманда жүрөндөй сүйлөшөт. Негизи мурда уккам Баткенде ГАИ лерди токмоктошот деп кээ бир ГАИ лерге ушундай кылгандарыда туурадыр деген ой келет.
+3
anar8672
2017-05-08 10:25:51
Мындай айдоочунун правасынан ажыратыш керек штрафиы очойтуп салыш керек уят
+1
Alinur
2017-05-08 10:43:37
аркимдин озуно жараша мамиле кылыш керек балким туура кылгандыр!!!
+2
Oylonkyrgyzym
2017-05-08 10:44:10
ГАИлеринер мыйзам чегинде иш алып барсын антип капотго жата калбай.
Каерде бар экен капотго жата калгыла деген жери?!
Мода кылып алышты булар!
+2
roklait
2017-05-08 10:45:35
ГАИ кызматкерлерин эле жамандайсыңар жол эрежесин бузса тосот да конечно.Ошол жол эрежесин бузгандардан адам өлүмүнө алып келип жатпайбы.
+2
nurik11-29
2017-05-08 10:59:29
МАИчилер Аябай оолугуп кетишкен,водител токтоп эле 20 сом берсе удачи деп честь берип жолго салып коюшмакда,коруп эле атавызго!!!!маиге эскертуу болуптурда!!
0
arzygulR
2017-05-08 12:15:16
Экоонтен де айып айдоочу кичине сыйлап койсо болмок бирок азыркы гаилер тим эле асмандан тушкондой мамиле жасайт озу кыргызда колуна азмас бийлик болсо болду озгоруп калат кыйынсынып
0
Munar_6052
2017-05-08 12:42:30
ким кандай дейт билбейм, мен МАИни
Машина
Аңдыган
Иттер деп эле түшүнөм.
+2
omuke8993
2017-05-08 14:55:31
мunar_6052 эн туура сөз алардын максаты акча алыш эле
0
mirkin
2017-05-08 16:26:30
Акчаны корсотсон кайсыл жерде ГАИлер турарын бут айтып берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан