Дүйнөлүк лидерлер Эммануэл Макронду Франциянын президенти болуп шайланышы менен куттукташты

Дүйнөлүк лидерлер Эммануэл Макронду Франциянын президенти болуп шайланышы менен куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда чет элдик басылмалар жазып чыкты.

АКШ президенти Дональд Трамп Эммануэл Макронду "ири жеңиши" менен куттуктап, жаңы француз лидери менен биргелешип иштешүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркелдин өкүлү Макрондун президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишин “күчтүү жана бирдиктүү Европанын жеңиши” деп атады.

Ошондой эле Макронду Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дагы куттуктады. Британ премьеринин расмий өкүлү Франция Улуу Британиянын жакын шериги экенин белгилеп, ортодогу приоритеттердин кеңири спектри боюнча кызматташууга үмүт артарын белгиледи. Лондондун мэри Садик Хан “француз эли коркунуч менен бөлүнүп-жарылууну эмес, үмүт менен биримдүүлүктү тандап алганын” билдирди.

Эске салсак, 7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтүп, "Алга!" кыймылынын лидери Эммануэл Макрон мамлекет башчы болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан