Америкалык актриса Деми Мур адам өлүмү үчүн күнөөлөнүүдө. Мындан эки жыл мурун үйүндө болгон кырсыктан улам аны сотко беришти. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, 2015-жылы Деми Мурдун Беверли-Хиллздеги үйүндө кече өткөрүлгөн. Бул учурда актриса үйдө жок болгонун, кечени анын кыздары өткөрүшү мүмкүн экендигин жергиликтүү басылмалар билдиришкен. Кече аяктап, коноктор тараган соң үй кызматкерлери бассейнге чөгүп каза болгон жигиттин жансыз денесин табышкан.
Учурда бассейнге чөгүп өлгөн баланын жакындары болгон кырсыкка түздөн-түз актрисанын күнөөлүү экенин далилдеп берүүгө аракет кылышууда. Алардын дооматында бассейнде керектүү ыңгайлуулуктар түзүлбөгөндүгү, суусу аябай муздак болгондуктан жигиттин сууга чөгүп кетүүсүнө себеп болгону жазылат. Азырынча актриса окуя тууралуу пикирин билдире элек.