Британиянын Лондон шаарынын тургуну, Ванесса Дэвис аттуу визажист баш сөөктүн дизайнында бетин боёгон сүрөттөрүн интернеттеги өздүк баракчасына жарыялап баштаган соң популярдуулукка жетишти. Анын баракчасына жазылгандардын саны учурда 230 миңди түзөт. Ванесса Дэвис мындан сырткары өзгөчө боёлгон жүзүнүн видеолорун жүктөп турат, алар 4 миңден ашуун көрүүгө ээ болот.
Ванесса Дэвис өнөрү тууралуу: "Өзүңдүн чеберчилигиңди, талантыңды бир нерсеге басым жасоо менен гана өнүктүрө алат экенсиң. Мындан улам адамдын баш сөөгүнүн дизайнын тандап алгам", - деп айткан.