Кыргыз жеринде 12 автобекет, 33 автостанция, 27 автокасса иштеп жатат. Булардын ичинен 7 автобекет, 10 автостанция жана 11 автокасса мамлекетке таандык. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча отчётунда айтылат. Жеке менчикте 5 автобекет, 23 автостанция жана 16 автокасса бар.
Ал эми "Кыргыз Темир жолу" ишканасында 10 филиал бар, аларда 4700 кызматкер иштей турганы белгиленет маалыматта. Өлкөдө темир жол менен жүк ташуунун көлөмү жогорулап жатканы, бул Кыргыз Республикасынын Орусия, Казакстан өӊдүү өнөктөштөрүндө экономиканын өсүшү менен түшүндүрүлүүдө. Ошондой эле Орусиядан Кыргыз жерине Казакстандын аймагынан темир жол аркылуу өткөрүлгөн товарларга тарифтердин арзандашы менен да байланыштырылып жатат. Жеӊилдетилген тариф 2017-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.