Түркиялык актёр, модель, продюсер Мехмет Гүнсүр 42 жашка чыкты. Ал 1975-жылы 8-майда Стамбул шаарында туулган. 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн "Dawn" аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен. Италиядагы лицейди аяктаган соң Стамбулдагы Мармара университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Мехмет Гүнсүр актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп. "Даңазалуу доор" сериалында Мустафанын ролу үчүн "Elle" журналы аны "Мыкты актёр" деп тапкан.
Жеке жашоосу
Актёр 2006-жылы италиялык Катерина Монжио аттуу даректүү фильмдердин режиссёруна үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, эки кызы бар.
8-майга карата жылнаама.