Бүгүн, 8-майда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 9-Май - Жеңиш күнүнүн жана Советтер союзунун баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтүп жатат.
“Бул мелдеште балбандар 55 килограммдан 120 килограммга чейин 9 салмактык чен өлчөмүндө күч сынашышат. Биринчи, экинчи орунду алгандар “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” деген наамды алат. Бүгүн күрөш кечке чейин уланып, эртең финалдык бөлүгү болот. Азыр жалпы жонунан 130-140 балбан катышып жатат”, - деп билдирди мелдешке калыстык кылып жаткан Рыскулбек Эгеев.
Мелдешке конок катары катышып жаткан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов өзү дагы ушул Иван Панфиловдун элесине арналган мелдеште “спорт чебери” наамын алганын айтты:
“Панфилов атындагы мелдеш грек-рим күрөшү боюнча өлкөдөгү эң негизги мелдештердин бири. Анткени мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө “спорт чебери” деген наам берилет. Ошондуктан бул мелдешке балбандар аябай жакшы даярдыктар менен келет. Бул күрөш спорттун мен үчүн эң жакын түрү. Мен бул күрөштүн мелдештерин көргөндө кадимкидей энергия топтоп, үйгө маанайым көтөрүлүп кайтам. Өзүм дагы 1994-жылы ушул Иван Панфиловдун элесине арналган мелдеште күрөшүп “спорт чебери” деген наамды алгам. Сүймөнкүл Икрамов деген бир тууган иним да азыр мелдешке катышып жатат. Балам да күрөштүн ушул түрү менен алектенет, азыр көрүп отурат. Ал эми мелдеш калыс өтөт деп ишенем, анткени бул жерде күч атасын тааныбайт”, - деген пикири менен бөлүштү депутат.
Эске сала кетсек, мелдеш СССР маалынан тартып эле 72 жылдан бери өткөрүлүп келет.