Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө карата даярдыктар көрүлүүдө. Эртең митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүлчамбар коюлушу күтүлүүдө. Ал жерде 8 чатыр тигилип, 2 000 адамга жоокерлердин тамагы берилет. Ошондой эле концерттик программа уюштурулат.
Ал эми шаардын "Ала-Тоо" аянтында майрамга карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ар кайсы жылдары тартылган 100 сүрөт коюлган. Эске салсак, быйыл Жеңиш күнүнө 72 жыл толот.