Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы 3 мектептин окуучуларына чатыр тигилип берилет. Мындай маалыматты бүгүн, 8-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соңку убактардагы жер титирөөлөрдөн улам аталган мектептин дубалдары жарылып, окуу иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук жараткан.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү имараттын абалын текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында 10-майдан тарта Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы мектептер үчүн убактылуу окуп турууга чатыр тигип берүү чечими кабыл алынды. Анткени ата-энелер жана мугалимдер кооптонуп жатышат. Жекенди айыл аймагындагы Ташбек уулу Гапар атындагы ашар жолу менен курулган мектеп жараксыз абалга келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Чоң-Алай районунда 3-майдан бери болуп жаткан жер титирөөдөн улам миңге жакын турак жай жана социалдык имараттар жабыркаган.