Бишкек-Торугарт жолундагы тешиктер туура эмес жамалып жатканы ачыкка чыкты

Бишкек-Торугарт жолундагы чуӊкурларды жамоодо асфальт төшөө технологиясы сакталбай жатканы ачыкталды. Бул мүчүлүштүк транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов аталган трассаны оӊдоо иши менен таанышканы барганда көрүнгөн. Министр жумушчуларга эскертүү берип, жетекчилерине административдик жаза колдонуларын айткан.

Транспорт жана жол министрлигинин тийиштүү башкармалыктарынын, Жол чарба департаментинин жетекчилерине жамоо иштери жүрүп жаткан жол тилкелеринде рейддерди жүргүзүү тапшырмасын бергени маалымдалды. Тийиштүү талаптарды бузгандарга дисциплинардык жаза колдонулмакчы.

Маалыматты аталган министрлик 7-майда кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин "Сооронбай Жээнбеков келет экен" деп жамгырдан кийин суу толгон жол чуӊкуруна чайыр куюп жаткан жолчунун окуясы катуу талкууга алынган. Бул окуядан кийин 5 жооптуу кызматкер кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан