Көчкү түшкөн Аюу айылынын жаңы жолу үлүш жерлер аркылуу салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев маалымдады.
“Аюу айылынын жогору тарабындагы жашоочулары үчүн жолду азыр башка жактан алып өткөнгө аракеттерди жасап жатабыз. Айыл аймагындагы жерлер үлүшкө берилип кеткен экен. Эми биз ээлери менен сүйлөшүп, алардын макулдугу менен гана жаңы жол салабыз. Керектүү техникаларды алып келдик. Үлүш ээлери менен маселе чечилсе жол салууну баштайбыз”, - деди Осмоналиев.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен айыл тургундары көчкү түшкөндөн бери 10 күндөй убакыт өтсө да, жол маселеси чечилбей жаткандыгын SUPER.KG'ге маалымдашкан болчу.