ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: Каскадёр, акробат, актёр Чыңгыз Асанбек уулу 24 жашка чыкты

1993-жылы 8-майда каскадёр, акробат, актёр Чыңгыз Асанбек уулу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган. 4 жашында атасынын кесибине байланыштуу үй-бүлөсү менен Испанияга көчкөн. Чыңгыз Асанбек уулу - программист, 6 айлык каскадёрлук мектепти аяктаган.

Кичинекей кезинен футбол аянтынан чыкпай, аны жакшы өздөштүргөндөн кийин жашаган жеринин командасына кошулган. Бирок экстремалдуу спорт түрүнө кызыгуусу артып, кунг-фу, каратэ, ушу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып баштаган. Кийин пляжда бийиктиктен секирмей мода болуп, акробат болууга ашыккан.
Барселонада машыгууда жүргөн маалда, залга акробат издеп келген кино тарткан топ анын өнөрүн жактырып, тасмага тартылып калган. Фильмде акробат зомбинин образын жараткан. Ролу эпизоддук болсо дагы үчүнчү пландагы актёр деп “Гауди” (“Гауди” – Каталониянын кино сыйлыгы. Белгилүү архитектордун атынан коюлган) сыйлыгына ээ болгон. Мындан сырткары “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын, “Sony Xperia” жана башка бир катар компаниялардын жарнамаларында тартылган.
8-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан