ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: 189 жыл мурун швейцариялык коомдук ишмер жана жеке ишкер, публицист Анри Жан Дюнан туулган

Мындан 189 жыл мурун, 1828-жылы 8-майда швейцариялык коомдук ишмер жана жеке ишкер, публицист, “Кызыл жарым ай” коомунун башкы демилгечиси, “Нобель” сыйлыгынын биринчи лауреаты Анри Жан Дюнан Женева шаарында төрөлгөн. 1859-жылдагы Австрия-Италия-Франция согушу учурунда жарадарларды сактап калууга жардам берген. Ал өзүнүн көргөндөрүн, башынан өткөндөрүн "Сольферинодогу согушту эскерүү" деген китебине жазган жана жарадарларга жардам берүү комитетинин эл аралык уюмуна долбоор жөнөткөн. Анын демилгеси менен Кызыл Крест уюмун түзүү конвенциясы иштелип чыгып, уюм түзүлгөн. 1901-жылы Дюнан Фредерик Пасси менен биргеликте дүйнөдө "Нобель" сыйлыгына биринчилерден болуп татышкан.

Анри Жан Дюнан 1910-жылы 30-октябрда 82 жашында каза болгон.
8-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан