Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы болуп, 2 адам каза болду. Тактап айтканда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 466-чакырымында болуп, анда Мерседес Спринтер унаасы менен ВАЗ-2106 унаасы кагылышкан. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгондор “Тез жардам” кызматы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгышы жана каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда.