ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: 24 жыл мурун "Backstreet Boys" тобунун алгачкы концерти өткөн

“Backstreet Boys” тобу 1993-жылы 20-апрелде Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү курактуу мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан. Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3000 көрүүчүнүн алдында болуп өткөн.
“Backstreet Boys” тобу XX кылымдын 90-жылдары дүйнөдөгү эң популярдуу жаштар тобуна айланып, "Гиннесстин рекорддор китебине" эң ийгиликтүү жаштар долбоору катары кирген. 13 жыл бою топтун ырлары музыкалык хит-параддардын эң жогорку орундарын ээлеген. “Backstreet Boys” бүгүнкү күнү да ырларды жаратып, дүйнөнүн ар кайсы шаарларында концерттерин коюп келишет.
8-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан