2012-жылы Кыргызстанда 295 чет элдик жаран кылмыш жасаган, алардын 268и КМШ өлкөлөрүнүн тургундары болгон. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Ошондой эле былтыр жасаган кылмышы үчүн 592 окуучу жана студент жоопко тартылган. Ал эми кылмыш жасаган 11786 адамдын туруктуу иштеген жумушу жана киреше булагы жок экендиги аныкталган.