Сирияда жаӊы туулган наристеге Владимир Путин деген ысым берилди

Сириянын Тартус шаарында жаӊы төрөлгөн наристеге Владимир Путин деген ысым берилди. Бул тууралуу кечээ, 8-майда ливандык "Аль-Жадид" телеканалы жазып чыкты.

Баланын атасы аскер кызматкери экени, ал уулуна мындай ысым коюу менен Орусиянын президенти Владимир Путинге Сириядагы терроризм менен күрөшкө жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдиргиси келгени айтылат.

Учурда баланын абалы жакшы. Ата-энеси анын үстүнө Орусиянын желегин жаап, Хмеймим авиабазада тартылган сүрөттү интернетке жүктөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2017-05-09 09:17:43
Кандай ат коюлса дагы бобок омурлуу, ыймандуу кичи пейил инсан болуп чонойо берсин.
+16
Miroslav
2017-05-09 11:29:51
Путинден конкретный подарка бар 100%.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан