9-Май - Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге 15 миң сомдон акчалай жардам берилди

9-Май - Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдон акчалай жардам берилди. Министрликтин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнө жалпы 42 миллион 900 миң сом которулду. Мындан тышкары аларга ай сайын жеңилдиктердин ордуна деп 7 миң сом, президенттин атынан 10 миң сомдон берилет.

Бүгүнкү күндө Кыргызда согуштун 640 ардагерлери жашайт. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 7 миң сом", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
frunze12
2017-05-09 10:40:14
42.9 млн сом акча которулса, анын 9.6 млн сому гана майрам учун болунуп берилсе, калганычы, ким бироолордун чонтогуно же майрамды уюштуруу учун деп сапырылып жок болобу?! Болгону 640 ардагерибиз калыптыр, алардын эн эле жашы 90го таяп калды. Баары оору менен алышып отурган кези, анан 15 мин сом эмне болмок эле, эч болбосо 50 мин сомдон болуп беруу Окмоттун колунан келбейби?! Майрам уюштурбай эле ошол акчаларды согуш ардагерлерине беришсин, алар биздин жаркын келечек учун кан тогушкон.
+4
frunze12
2017-05-09 10:45:16
Ардагерлердин орточо пенсиясы 7 мин сомдун тегерегинде дейт, Отунбаева сыяктуу бир топ адам ай сайын 50-150 мин сомдон пенсия алат. Бул туура эмес. Кыргызстанда максималдуу пенсия орточо пенсиянын коломунон 5 эседен ашык болбоого тийиш, бул менин жеке пикирим. Ошондо орточо пенсия 5-6 мин сом болсо, максималдуу пенсия колому 25-30 мин сомдон ашпоого тийиш.

Ардагерлерди Окмот жылына 1 кун гана эстейт. Уят да уят. Кан кечип жан берип отуруп ушул женишти алып келишкен бизге!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан