Улуу Британиянын Чешир графтыгынын жашоочусу, 12 жаштагы Ражгаури Павар аттуу окуучу кыз улуу физик Альберт Эйнштейнден дагы акылдуу экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Раджгаури Павар IQ тестинен 162 балл алган. Бул көрсөткүч атактуу физиктер Альберт Эйнштейнде жана Стивен Хокингде 160 болгон.
Статистикага караганда, аталган кыз көрсөткөн жыйынтыкты Жер планетасындагы 18 жашка чейинки 20 миң адам көрсөтө алат. Ражгаури Павар тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккандан кийин ага IQ`су жогорку адамдар гана кире алган "Mensa" деп аталган британиялык элиталык коомго мүчө болууну сунушташкан.