Өткөн жумада "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп ырдаган кыздардын ролиги интернетте кызуу талкууга алынган эле. Кийинчерээк роликтин сыры билинип, андагы кыздар атайын SUPER.KG`ге маек курушкан.
Учурда ал жөнүндөгү тамашанын идеясы талашка түштү. Дегенибиз, "Тамашоу" долбоорунун 2-сезонунда ойногон "Алтын кен" командасынын оюнчусу Максат Шаарбек уулу албарсты тууралуу тамашаны бир топ жыл мурун сахнада ойношконун билдирди.
"Бул роликтин аткаруучулары тамашанын идеясы Бакыт Асылбек уулуна таандык деп айтып жатышыптыр. Чынында идея биздики, тагыраагы, "Алтын кен" командасына таандык.
Биз "Тамашоунун" 2-сезонунда эле "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп тамаша айтканбыз. Кийин ага жазылган ыр радиолордон да кеткен. Идея башка бирөөнүкү деп ачыгын айтса болмок да, биз аны талашмак белек?" - дейт Максат Шаарбек уулу.
Белгилей кетсек, продюсер Аскар Думанаев роликти "Албарсты" сөзүн элге сиңирүү үчүн тартышканын, анын идеясы тасманын режиссёру Бакыт Асылбек уулуна таандык экенин айткан.
Ал эми Бакыт Асылбек уулу бул боюнча тамаша "Тамашоу" оюндарынан алынганын, сөзү "Hackmee" тобунун мүчөлөрү тарабынан жазылганын билдирди.