Кыргыздагы эӊ узун бойлуу адам катары таанымал болгон Жеӊишбек Райымбаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 9-майда 38 жашка чыкмак. Ал 1979-жылы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган.
Бою өспүрүм курагынан тартып 2 метр 36 сантиметрге чейин өскөн. Убагында ооруга чалдыккан Жеӊишбекке жардам берүү боюнча карапайым жарандар тарабынан ар кандай аракеттер көрүлгөн. Кант диабети жана башка оорулардан жабыркап, оорудан улам 2014-жылы бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Ошондон кийин ал ордунан турбай калып, өмүрүнүн акыркы айларында өзүн начар сезе баштаган.