Америкалык продюсер, режиссёр, сценарист Жеймс Брукс бүгүн, 9-майда 77 жашка толду. Ал 1940-жылы АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында туулган.
Жеймс Брукс "Симпсоны" мультсериалынын продюсери катары белгилүү болгон. Ал эми "Назиктиктин тили" тасмасы үчүн режиссёр 1984-жылы 5 номинация боюнча "Оскар" сыйлыгына арзыган. Муну менен ал дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында дебюттук тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган 6 режиссёрдун бири болуп саналат.
1984-жылы өзүнүн "Gracie Films" телеканалын негиздеп, "Жерри Магуайер", "Чоӊ", "Жакшысы болбойт" аттуу белгилүү тасмаларды тарткан. Эӊ ири жана белгилүү долбоорлорунун бири болуп бүткүл дүйнөдө популярдуулукка жетишкен "Симпсоны" мультсериалы аталат.
9-майдын жылнаамасы.