Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу жаңы салынган үйлөрдүн ортосундагы аянтта турган учак шаар тургундарын таң калтырып, алар бул тууралуу бүгүн, 9-майда "Кызыктарга толгон, укмуш Бишкек" деп социалдык баракчаларына жазып чыгышкан.
Учак турган жерге барганыбызда ал жерде бир эмес, эки учак, 2 тик учак турганына күбө болдук. Андагы кароолчунун айтымында, учактардын үлгүлөрү (макеттери) борбор калаадагы Авиациялык колледжге таандык. Ошондой эле ал бул жерде мугалимдер окуу жайдын студенттерине практикалык сабактарды өтөрүн кошумчалады.
Ал эми жергиликтүү тургун 10 жылдан ашык убакыттан бери ал аймакта жашаарын, бирок буга чейин учактар турган аянтты көрбөгөндүгүн айтты.