Бүгүн, 9-май күнү Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттеши орун алды. Аталган беттештин чемпиону "Ынтымак" командасы болду.
Финалдык беттеште Таластын "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы менен кез келди. Таластан келген "Ынтымак" командасы күчтүүрөөк болуп Чүйлүк "Биримдик Аю" командасын 1:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсү болду.
Эске салсак, Нооруз майрамында "Ынтымак" командасы финалдык беттеште "Достук" командасын 8:7 эсебинде утуп, жеңишке жетишкен. Чемпион команда бул ирет дагы артыкчылыгын көрсөттү.
Ал эми байге фондуна келсек, оюндун алдынкы командалары үчүн, 1-орунга баш байге 500 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом жана 4-орун үчүн 50 миң сом каралган.