"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кооптуу аймактагы элди көчүрүп чыгуу биздин эмес, жергиликтүү бийликтин милдети" дейт ӨКМ

Алайдагы Мурдаш айылында жер көчкү түшүүсү мүмкүн экендиги жергиликтүү бийлик менен тургундарга 2016-жылы эле эскертилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Алай районундагы Мурдаш айылынын Кызыл-Булак участогу 2016-жылы кооптуу деп табылган. Ал жерде жашап жаткан сегиз үй-бүлөгө ошол жерде жашоо кооптуу экени эскертилген. Аларды көчүрүп чыгуу биздин милдет эмес, жергиликтүү бийликтин мойнунда. Ал эми жер көчкү коркунучу тууралуу адистер тургундарга эскертүү бергенден кийин ал жерге атайын белгилерди коюшкан. Ага ылайык, ал жер кийин сүрүлгөн эмес” - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Алай районунун Мурдаш айылында жер кыртышы сүрүлүп, жер көчкү болуу коркунучу пайда болуп жаткандыгын окурман SUPER.KG`ге 8-майда кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurkyz1977
2017-05-09 15:40:50
Жергиликтуу бийликтин колунан эмне келет,аларга да бюджеттен акча болуп берсе кочуруп чыгып убактылуу жашоого шарт тузулот да. Бири биринерге шылтап отуруп жарыбай жатабыз.
+3
Altyn2017
2017-05-09 17:04:43
Мына Атамбаевдин иштеп аткан ийгилиги
+1
Kroxa
2017-05-10 00:48:25
Кочкуло ошол айылдагылар окмотко ишенбей окмот жер кочуп кетсе да казып отурбай мазарга айлантат 8 метр кепин буюрбайт коч дегенде кочогондорго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан