SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүү:
"Мен бала кезде кошунабыз таятама келип "Чеке, бүгүн согушка кеткен аскерлерибиздин өлгөнүн да, тирүүсүн да клубдан көрсөтөт экен. Баралы, балдарыбызды өлгөнүн болсо да бир көрүп келели. Биз го кара кагаз алып көксөөбүз сууп калды, сенин Бексыргаңды тирүүдөн көрүп калсак ажеп эмес" деп кары-картаңдар болуп клубга барганыбыз эсимде. Кичинекей болгон үчүн уктап калсам керек, калганы эсимде жок. Кинонун атын угуп алып "көрөр бекенбиз" деп үмүт жетелегенин эстесем дагы эле жүрөгүм ооруйт. Канчалаган ата-энелер көзү өткөнчө балдарын күтүп, бир көрүүгө зар болуп, азап тартып жүрүп көз жумду.
Ал эми күйөөсүн күткөн зайыптарчы? Биздин айылда өмүрлөшүн күткөн энелер көп эле. Уруйза апа 18 жашында бир бала менен жесир калган, кийин кайра турмушка чыккан эмес. Жалгыз, күйөөсүнүн коломтосун өчүрбөй жашап калган дешер эле. "Жолдошунан жалгыз туяк калды" деп калышчу.
Дагы бир апа бар эле, күйөөсү да, баласы да согушта курман болгон. Ошол эне өмүр бою бир тамда жалгыз жашады. Тамды күйөөсү салып кеткен экен. Ошол "тамдын эшиги жабылбасын, коломтосу өчпөсүн" деп жалгыз калган дешет. Бактыга жараша, кийин өз апасына таарынып, атасы согуштан кайтпай, өгөй атага батпай калганын сезген бала келип, "эне, мени бала кылып аласыңбы?" деп барганда бооруна тартып, "сен мени "эне" десең кантип мен сени бала кылбай коём? Түтүнүмдү өчүрбөй, коломтомдо от жагылып турса гана" деп сүйүнүп кабыл алган экен. Ошентип аларды "эки бакыр, бир тукур" болуп, көзү өткөнчө "апам" деп жакшы карады деп калышат.
Биз Улуу Ата Мекендик согуштун жытын эле билип калдык. Ошентсе да энелердин сыздап күткөнү эсимде. Тылда энелерибиз жан аябай иштеп, балдарын карап, эшикте эркектин, үйгө келип аялдын ишин кылгандарын айтып беришчү. Бир көйнөк-штанды түнү жууп, эртеси талаага кийип кетер элек деп эскеришер эле. Согуштун азабын кыргыз калкым ченемсиз баатырлык менен жеңген. Майданга күч берип, эң оор шарт тылда болгону баарыбызга белгилүү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.