ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: 56 жыл мурун Исхак Раззаков Кыргыз Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы кызматынан бошотулган

56 жыл мурун, 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаков Кыргыз ССРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы кызматынан бошотулган. Исхак Раззаковдун эли үчүн өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы жетекчилерге жаккан эмес. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянып аны кызматтан бошотушкан.

Раззаковдун 1950-жылы аталган кызматка көтөрүлүп, республиканын партиялык уюмун жетектей баштаган.

Анын убагында 1953-жылы союздагы эң оор тоолуу аймактагы Фрунзе-Ош унаа жолу курула баштаган. Республикада оор өнөр жайы гана эмес айыл чарбасында да ири жетишкендиктер болгон. Буга мисал 1956-жылы айыл чарбасындагы ири жетишкендиктер үчүн Кыргыз ССРи биринчи жолу Ленин ордени менен сыйланган.

Исхак Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Мектептердин саны өскөн, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула баштаган.

Жетекчинин демилгеси менен 1957-жылдан баштап республикадагы 80 миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүү уюштурулган.

Ошондой эле Исхак Раззаков жетекчиликте турганда "Кадр бардыгын чечет" деген ураан алдында өз кесибин мыкты билген билимдүү кадрларды даярдоого чоң көңүл бөлүнүп, натыйжада 1960-жылы республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27 техникум, аларда окуган студенттердин саны 40 миңге чейин жеткен. Раззаковдун түздөн-түз катышы менен 1954-жылы Илимдер Академиясы ачылып, Кыргыз жергесинин жаш окумуштууларынын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн. Кыргыз тарыхына да көңүл бөлүнүп, 1956-жылы ири окумуштуулар катышкан кыргыз элинин этногенези жөнүндө илимий конференция болгон. Маданият тармагы да болуп көрбөгөндөй өсүш жолунда болгон. Анын айкын мисалы, 1958-жылы октябрь айында Москва шаарында кыргыз маданий ишмерлеринин декадасы болуп, Совет эли кыргыз элинин ири маданияты менен таанышкан.

1961-жылы Раззаков үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-1967-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башчысы болуп иштеп, ден соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетине бир ирет, аз гана убакытка келип кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргыз өлкөсүнө алынып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлган.

9-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан