Чаткал районундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун бузулуусуна аба ырайынын начардыгы жана алтын кендерине жүк ташыган унаалар себеп болууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
"Ала-Бука-Каныш-Кыя жолу асфальт төшөлбөгөн шагыл жол. Жылда атайын акча бөлүнүп, ал жолдо пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп турат. Учурда жаан-чачын көп жааганынан майда селдер жүрүп, жолдун айрым жерлери оюлуп жатат.
Андан сырткары Чаткалда алтын казган кендер көп, аларга өткөн оор жүк ташыган унаалар да жолдун бузулуусуна өз салымын кошуп жатат. Негизи жол жарактуу, ал жакта жаз кеч келгенине байланыштуу апрель, май, июнь айларында бул жолдон өтүү оорчулукту жаратат", - деди аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов.
Эскерте кетсек, Чаткалда майда жер көчкүлөрдөн улам унаа жолдор бузулуп жаткандыгын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган.