Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоо аяктады

Түштүк Кореяда 9-майда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Чет элдик маалымат булактары добуш берүү тилкелеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына таянып, алдыда Демократиялык партиянын талапкери Мун Чжэ Ин баратканын жазып жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча добуш берүүгө катышкандардын 41,4 пайызы аталган талапкерге бюллетень таштаган. Расмий жыйынтык жарыялана элек.

Жарышка 13 талапкер катышты. Мун Чжэ Ин мурунку президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеп, жеӊишти Түштүк Кореянын 2017-жылга чейин башкарган Пак Кын Хеге тарттырып жибергени белгилүү.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен президент кызматтан кеткен эле. Марттын аягында камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан