Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 9-майда айтылуу режиссёр Төлөмүш Океев Кыргыз өлкөсүнүн Түркия Республикасындагы Толук Ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалган. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т.Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.
Кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында 1935-жылы 11-сентябрда туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргыз кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССРинин Комсомолу, "Уркуя" фильми Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы "Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.