1954-жылы 9-майда Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин чечимине ылайык, борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Көчөлөрдү тазалоо жана бак отургузуу үчүн 36 километр аралык белгиленип, Ленин, азыркы Чүй проспектиси, Пионер, азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчү тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотула баштаган.
9-майга карата жылнаама.