Кыргызда кандай майрам өтпөсүн, ал бүткөн соӊ коомдук жайлар таштандыга толуп калат. Бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкууланып, массалык маалымат каражаттары аркылуу тазалыкты сактоо зарылдыгы канча ирет айтылбасын, эл таштандыны көрүнгөн жерге таштоо адатын калтырбай келет.
Бүгүн, 9-Май - Жеӊиш майрамына карата өткөрүлгөн иш-чарадан соӊ Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты, сейил бактар, көчөлөр таштандыга толуп калганын байкоого болот. Кезектеги сүрөттөр топтому жогоруда айтылган көрүнүштү далилдейт.