Бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, таланттуу актёр, режиссёр, төкмө акын Орозбек Кутманалиев көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок. Ал 1932-жылы Сокулук районунун Шалта айылында туулган.
Эмгек жолун 1955-жылы республикалык куурчак театрында артист болуп баштаган. 1965-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп иштеген.
Ашыралы Айталиев, Осмонкул Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып, айтыштык өнөрүн өнүктүрүп келген.
"Ак мөөр", "Карагул ботом", "Курманбек" дастандарын Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комузда өзү коштоп чебер аткарган.
Орозбек Кутманалиев "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кызга" жана башка обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон. "Сүйүү жаңырыгы" киносунда Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" киносунда Кубаттын, "Уркуяда" Куландын, "Ак илбирстин тукумунда" Жарчынын жана башка ролдорун аткарган. 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.
Эл артисти 2005-жылы 3-январда 73 жашында каза болгон.
10-майдын жылнаамасы.