Түштүк Кореянын президенти болуп Мун Чжэ Ин шайланды

Түштүк Кореяда өткөн президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Мун Чжэ Ин жеӊүүчү деп табылды. Чет элдик ММКлар өлкөнүн Улуттук шайлоо комиссиясына таянып жазышкандай, Мун Чжэ Инге шайлоого катышкандардын 41,1 пайызы же 13 миллион 400 миӊ жаран добуш берген.

"Эркин Корея" партиясынын өкүлү Хон Джун Пхеге шайлоочулардын 24,03 пайызы, "Элдик партиянын" талапкери Ан Чхолго 21,4 пайызы добуш бергени маалымдалды.

9-майда мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик жарышка 13 талапкер катышты. Мун Чжэ Ин мурунку президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеп, жеӊишти Түштүк Кореянын 2017-жылга чейин башкарган Пак Кын Хеге тарттырып жибергени белгилүү.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен президент кызматтан кеткен эле. Марттын аягында камакка алынган.

Мун Чжэ Ин 1953-жылдын 24-январында туулган, 64 жашта. Юрист, мамлекеттик ишмер. Пусан шаарында престиждүү деп саналган Кённам орто мектебинде окуган, кийин Кёнхи университетинде укук жаатында билим алган. Көп жыл адвокаттык ишмердүүлүктү аркалаган. "Юристтер демократиялык коом үчүн" уюмунда мүчө болгон. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кызы бар. Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ынтымакка келүүсүн колдойт. Убагында анын "президент болуп шайлансам биринчи эл аралык сапарым Түндүк Кореяга болот" деген сөзү коомдо талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан