ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: 3 жыл мурун сакалчан аялдын образында чыккан Кончита Вурст "Евровидение" сынагын жеңип кеткен

2013-жылдын 10-сентябрында "Евровидение-2014" эл аралык сынагында Австриянын атынан Кончита Вурст чыгары белгилүү болгон. Ал эми 2014-жылдын 10-майында Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өткөн. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан. Ал Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган. 238 упай топтогон голландиялык "The Common Linnets" дуэти 2-орунду, 3-орунду болсо 218 упай менен швециялык ырчы Саана Нильсен ээлеген. Орусиянын атынан ат салышкан эгиз кыздар Мария жана Анастасия Толмачёвалар 89 упай топтоп, 7-орунду багындырышкан.

Бул жеңишти бири "толеранттуулуктун жеңиши" десе, бири "түрү сууктар шоусу" деп атаган. Ал эми ансыз да 2012-жылдан бери бул сынакка катышпай келген Түркия Кончита Вурсттун жеңишинен кийин сынакка катышуудан бир жолу баш тарткан. Венгриянын католиктеринин радиостанциясы жеңүүчүнү билген соң трансляцияны токтотуп салышкан. Чехиянын ММКлары окуяны "Европанын чириши" деп жазып чыгышкан.
10-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aksy.1989
2017-05-10 08:50:36
шайтан
+6
Satana
2017-05-10 09:00:18
Каапыр
+4
Fatimnazz
2017-05-10 09:29:43
Туру суук жийиркеничтуу
+6
Bolotbek7404
2017-05-10 11:23:58
Албарсты баскан деп ушуну айт
+3
admin_portal
2017-05-10 11:27:36
bond, eduardali, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
Lion.
2017-05-10 23:08:06
А негизи жынысы эркекби же аялбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан