Алматыдагы мигранттар Өзгөндөгү жер көчкү кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам беришти

Казакстандын Алматы шаарында эмгектенген Кыргыз жарандары Өзгөн районунда көчкү кырсыгынан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына акчалай жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына кайрымдуулук акциясынын уюштуруучусу Алдаяр Маматов билдирди.

"Мекенибизден алыста болуп, өлкө аймагындагы ар кандай кырсыктар учурунда элибизге өз убагында жардам бере албай жатабыз. Ошондуктан мигранттар өз каалоосу менен ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай жардам беришти. Кийим-кече да чогулттук.

Мигранттардын атынан атайын өкүлдөр келип, Жалпак-Таш, Заргер, Ничке-Сай айылынын 80ден ашуун кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө 200 миң сомдой чогулган акчадан жардам берилди", - деп билдирди Маматов.

Маалыматка ылайык, мигранттар кырсык болгон айылдарда мал союп, каза болгондорго куран окушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
meni_kut
2017-05-10 09:50:05
окмот уялгыла эми.
+3
Beki092
2017-05-10 10:09:19
Окмотто уят жок
Уят болгондо ушул кезге чейин жардам бербейт беле

Окмот биринчи Дача Суудагы элдин акчасын берип алсын ананын да эсебин таппай жатабыз деп жатышат

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга Бийлик бут шартын тузуп бериш керек уй салып бериш керек

Убагында Акаев Соготто кырсык болгондо Куршапка уй жай салып берген
+8
rios.07
2017-05-10 10:10:20
окмот Элден алып, элге Бермей жолуна отуп Алды корунот уят да эми!
+2
meni_kut
2017-05-10 10:58:03
rios.07,элден алып элге бербейт
+2
dina1983-19
2017-05-10 10:56:49
Өкмөттө болсо береби өкмөт эл эсебинен жашап жүрбөйбү. Шайлоо жакындап калып элдин голосу керек болуп Сариев Төрөбаев барып жардам беримиш болду.
+3
meni_kut
2017-05-10 10:59:29
Алматыга мигранттар окмотко ишенбей оздору келип колу мн берген тура акчаны.
+7
toolos1982
2017-05-10 11:01:06
Уят өкмөт өзү жардам кылып үйүн да салып бериш керек да
+4
Kroxa
2017-05-10 11:55:32
Окмоттун счетуна которбой алып келгени ырас болду..оз даректерине жетпей калды го 100миллион..
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан