Депутат: “Унду байытуу боюнча маселени министрликтер бири-бирине шылтап чечпей жатышат”

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев унду байытуу боюнча маселени министрликтер бири-бирине шылтап чечпей жатышканын айтты.

"Экономика министрлиги, Каржы министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги унду байытуу боюнча маселени чечпей жатышат. 2 жылдан бери токтом чыкпай келгенин кылмыш катары баалайм. Жаш балдардын арасында жүрөк кемтиги менен ооругандардын саны көбөйүүдө. КСДП фракциянын лидери Иса Өмүркулов дагы бул маселе боюнча айткан", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков министрликтин өкүлдөрүн парламентте айтылгандарды унутта калтырбоого чакырып, элдин ден соолугу кымбат экенин эскертти.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев министрликтер арасында бул каралып, эми өкмөттө иш жүрүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beki092
2017-05-10 10:38:12
Унду байытууну Министликтерден эмес Чыныбай мырзага айтсанар чечип берет ундун ана башы ошол кишиго Артыкбаев озу министр болуп турганда бир нерсени чечкенин укпаптырбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан