Бишкекте Жеңиш майрамынан кийин былтыркыга салыштырмалуу 14 кубга азыраак таштанды чыгарылды

Бишкек шаарында Жеңиш майрамынан кийин 26 кубдан ашуун таштанды чыгарылды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 10-майда билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалдык "Тазалык" ишканасы майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 8 куб таштанды чыгарган.

"Жумушчулар күндүзгү саат 14:00дө жумушка чыгып, түнкү саат 02:00дө шаарды таштандылардан тазалап бүтүшкөн. Эс алуу күнүнө карабай "Тазалык" муниципиалдык ишканасынын 60 кызматкери калаанын тазалыгын камсыздашты. Жалпысынан 13 атайын тазалык унаалары тартылган. Өткөн жылдагы Жеңиш майрамына караганда 14 куб таштанды аз чыгарылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 9-Май күнү кечинде борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына жана эс алуу бактарына таштандылар толуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Suikumduu98
2017-05-10 11:22:44
Ушул таштандыларды корунгон жерге сен,мен,биз таштайбыз ээ.Андан коро атайын таштанды чогултчу урнага салсак канча деген жардам, сооп болоор эле.Карасаныз болор болбос нерсени ар жерге таштап жумушчуларга куч келтирип жатабыз.
Ким эле Кыргызстаныбыздын гулдун ордуна ар жерде кызыл тазыл болуп бажырайган таштандыга оролуп жатышы н кааласын. Ошондуктан элим "Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга" деген ураан менен иш алпаралы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан