Токтогул районунун Толук айылында жер көчкү түшүүсү мүмкүндүгүнөн улам башка жакка көчүрүлгөн жашоочуларга жер берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Мирбек Натурунбеков билдирди.
"Көчкү түшүүсү мүмкүн болгон жерде жети үй жайгашкан. Ал үйлөрдө жашагандар туугандарыныкына көчүрүлдү. Ал жерде жашоо кооптуу экендиги алдын ала эскертилген. Менде ар бир үйдүн ээсинен эскертме алдык деген түшүнүк каттары бар. Учурда аларга жер берүү маселесин чечүү боюнча райондук архитектурага кайрылалы деп документтерди даярдап жатабыз. Уруксат берилсе эле аларга үй салганга жерлер бөлүнүп берилет”, - деди Мирбек Натурунбеков.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган айыл кооптуу деп табылып, ал жердеги тургундарга эскертилгенин билдирген.
Эскерте кетсек, 9-майда окурман SUPER.KG`геТоктогул районунун Толук айылында жер көчкү коркунучу күтүлүп жатканын кабарлаган.