Бүгүн, 10-майда кыргыз тасмаларында тамашалуу ролдору менен белгилүү таланттуу актёр, сценарист, "тамашоучу" Жеӊиш Майрамбек уулу 27-туулган күнүн белгилөөдө. Ал өздүк майрамын үй-бүлө мүчөлөрү менен белгилеп жатканын SUPER.KG`ге билдирди.
"Куттуктаганыӊыздарга рахмат, маанайым көтөрүлдү. Эми бүгүнкү майрамды үй-бүлөм менен эле тосом. Жубайым үйдө болчу дегенден кийин, анын айтканы болуп, эч кайда баргыӊ келбейт экен. Былтыр туулган күнүмдө апама белек издесем, бул жылы неберелүү кылдым. Андыктан бул да болсо чоӊ белек да", - дейт күлүп.
Белгилей кетсек, "тамашоучу" Талас облусунда төрөлгөн. Мектепке 6 жашынан барып, аяктаган соң Юридикалык академияга тапшырган. Студент кезинде "Тамашоуго" "Моника Беллуччи" командасы менен катыша баштаган. Команда "Тамашоунун" 5-сезонунда чемпион аталган соң тарап кеткен.
Кийин ал бир нече тасмаларда башкы ролдорду жаратып, кино тармагында ийгиликтерге жетишкен. Алгачкы ролун Руслан Акундун "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры" (Герой моей девушки) тасмасында жараткан. Андан сырткары Бакыт Осмонканов менен биргеликте "Бир тууганчик" тасмасында ойногон. Ал эми "Напарниктер" тасмасында жергиликтүү милиция кызматкеринин, "Апамды издеп" тасмасында эрке баланын ролун жараткан.
10-майдын жылнаамасы.