Түркияда Фетхуллах Гүленди дээрлик үч миң жылга эркинен ажыратууну талап кылышууда

Түркиянын өкмөтү бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөп, оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүленди дээрлик, үч миң жылга эркинен ажыратууга аракет кылышууда. Бул тууралуу Түркиялык Hurriet басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, Фетхуллах Гүленге каршы Түркияда 20дан ашуун кылмыш иши козголгон, анын негизинде Түркиянын прокуратурасы аны өмүр бою камакка алып эле тим болбостон, 2,9 миң жылга эркинен ажыратууну талап кылып жатат. Бирок Фетхуллах Гүлен өзү бул көтөрүлүшкө тиешеси жоктугун билдирген. Ага карабастан Түрк бийлиги АКШдан аны өткөрүп берүүсүн талап кылган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 15-июлда Түркияда оппозициянын бийликти күч менен алмаштыруу аракетинен соң, 30 миңден ашуун адам камалып, 100 миңге чукул адам мамлекеттик жумуштан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан