Кемин районунда кичи ГЭС курулуп, өндүрүлгөн электр энергия мамлекетке сатылууда

Кемин районунун Тегирменти айылында мөңгүлөрдөн келген сууга ГЭС курулуп, мамлекетке сатылууда. Аталган курулуш 2014-жылы курулуп баштап, 2016-жылдын аягында пайдаланууга берилген. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү ишкер Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алып иш баштаган.

"Бул курулуш айылыбыз үчүн жакшы болду. Германиянын өндүрүшүнөн чыккан генераторлор орнотулган. ГЭСтин кубаттуулугу саатына 3 мегаватт электр энергия өндүрүүгө жетет. Бирок учурда саатына 600-700 киловатт электр энергия иштеп жатат. Анткени суунун агып кирген көлөмү аз болууда", - деп билдирди Кемин районунун Көк-Ойрок айыл аймагынын башчысы Бактыбек Абласов.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери үчүн 215 миллион сом сарпталган. Жумшалган чыгымдарын актоо үчүн 5 жыл мөөнөт берилген. Учурда өндүрүлгөн 1 киловатт электр энергия мамлекетке 4 сом 60 тыйындан сатылууда. Көрсөтүлгөн бааны Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бекитип берген.

Белгилей кетсек, өлкөдө 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adil706070
2017-05-10 13:49:12
Шаардын ичинде, соода сатык туйундорундо коммерциялык баа деп 1киловатт электр энергияга 2сом 53тыйындан алышат
+1
Seryi-Kardinal
2017-05-10 15:20:27
nege kymbat
0
nur_zhoni
2017-05-11 00:38:08
Булда бир депутатыкы да эптеп мамилекетен акча алыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан